Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдүн жетекчиси облуска кирүүдөгү негизги тартиптерди айтты

19.06.2020 14:43
1046
Ысык-Көлдүн жетекчиси облуска кирүүдөгү негизги тартиптерди айтты


Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарында жайгашкан "Ак-Кеме" санитардык-карантиндик посту аркылуу паспорт менен кирүүгө болот. Бул тууралуу 19-июнда өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирди. 


Анын айтымында, облуска кирген ар бир жарандын ден соолугунун абалы текшерилет. 


"Санитардык-карантиндик посттогу медиктер облуска кирген ар бир жарандын ден соолугунун абалын текшеришет. Эгер буга чейин ар бир жаранды каттоого алган болсок, бул милдеттер азыр туристтик мекемелердин жетекчилерине жүктөлдү. Ошондуктан тартиптер өздөртүлдү", - деди А.Осмоналиев. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн