Ысык-Көл районундагы көлгө 19 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-август күнү саат 15:58да Чолпон-Ата шаарында көлгө 2001-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн