Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлгө «Азитромицин» дарысы алынып келди. Дарыкана даректери

16.07.2020 08:44
1104
Ысык-Көлгө «Азитромицин» дарысы алынып келди. Дарыкана даректери


Ысык-Көл облусунун "Лекарь" дарыкана түйүндөрүнө «Азитромицин» дарысы алынып келди. Бул тууралуу облустун ыкчам штабынан кабарлашты.

Алардын маалыматында, 700 таңгак дары келип түшту. Облустун штабынын чечимине ылайык, “Азитромицин” жана “Гепарин” дарылары дарыгердин дайындамасы менен берилет жана бир адам бир таңгакты гана ала алат.

Ар бир дарыканага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкери бекитилип, ал сатылган дарыларды каттайт.

Дарыкана пунктарынын даректери:

Каракол ш, дарыкана №47, Токтогул/Абдрахманов көчөлөрү;
Каракол ш, дарыкана №50 Токтогул көч 116;
Каракол ш, дарыкана №61 Токтогул көч 263 кв. 21;
Каракол ш, дарыкана №70 Айдаш көч 47;
Каракол ш, дарыкана №75 Токтогул көч 106/4;
Балыкчы ш, дарыкана №42 Абдрахманов көч;
Балыкчы ш, дарыкана №53 Курмашев көч 55;
Бөкөнбаев айылы, дарыкана №54 Ленин көч 79/1;
Бөкөнбаев айылы дарыкана №57 Б.Мамбетов көч;
Кызыл-Суу айылы дарыкана №69 Манас көч 109.

Дарынын таңгагы 110 сомдон сатылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн