Түп районунда чөгүп кеткен баланын денеси куткаруучулар тарабынан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
13-июль күнү саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айылынын пляжында (2005-ж.т Ч.А.Б) атту жаш бала чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн. Жерине Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып саат 19:30 да карангы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.
Бүгүн 14-июль күнү куткаруучулар тараптан маркумдун жансыз денесин саат 12:03дө суудан табышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн