Баш оона 22, 2025
Убакыт: 04:23
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

17.08.2020 10:25
1246
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылды


Ысык-Көл районунда көлгө чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 16-август күнү Бостери айылында көлгө 1991-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.


Бүгүн 17-август күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 07:00дө ӨКМден куткаруучулар, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылып, саат 08:00дө маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын биринде 29 жаштагы жигит сууга чөгүп кеткени кабарланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн