Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 06:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жашар кыздын ата-энеси президентке кайрылды (видео)

31.07.2022 22:10
3545
Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жашар кыздын ата-энеси президентке кайрылды (видео)


Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында 18-июлда сууга чөгүп кеткен 4 жашар кыздын ата-энеси президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылышты. 


"Урматтуу Садыр Нургожоевич!

18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде үй-бүлөм менен эс алып жаткан учурда 4 жашар кызымды колумдан алдырып ийдим. Сиз ата катары бала жоготуу кандай экенин билесиз. Мен жарым айдан бери кан жутуп, кызымды жерге бере албай, уктабай, каккан эшигим калган жок. Жолдошум жарым айдан бери көлдө. Жанында ыктыярчылар бар, бирок өкмөттөн эч кандай жардам жок. Бизге ушул убакытта суучулдар, дрон, дельтаплан, моторлуу кайыктар керек болуп жатат.

Урматту Садыр Нуркожоевич, сизден чоңдон чоң өтүнүч! Жардам берүүңүздү суранам!

0705603704; 0555995626 кыздын атасы Сабыр", - деп кайрылган апасы Кенжегүл Байтилешова.


Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосундагы жээкке чөгүп кеткен төрт жаштагы Айша Мурдинованы издөө иштери уланууда.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Шахида
Помогите найти Аишу🤲👌🏻😔👌🏻👌🏻👌🏻👌🏻