Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:35
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштерине айыл өкмөттөрү да тартылууда

02.08.2022 11:37
812
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштерине айыл өкмөттөрү да тартылууда

Ысык-Көл районунда сууга чөгүп кеткен төрт жашар кызды издөө иштерине Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрү да тартылууда. Бул туурасында президенттин Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка таянсак, айыл өкмөт кызматкерлери, жергиликтүү тургундар куткаруучулар, суучулдар жана башка адистер менен бирге издөө иштерин улантышууда. Алар көл жээктерин карашып, көл астындагы торлорду алып чыгышып, кайыктар, катерлер менен көлдү кыдырышууда. 


Ошондой эле Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов 200 литр күйүүчү май бөлүп берген. 


Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.


Эске сала кетсек, 18-июлда Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган төрт жаштагы М.А. көлгө чөгүп кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн