Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ысык-Көлгө эс алууга келген 23 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Ысык-Көлгө эс алууга келген 23 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды


Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын пляжында 23 жаштагы жигит каза болду. Анын үй-бүлөсү жана жакындары мушташ болуп, денесинен оор жаракат алганын айтышкан.


Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы 7-августта билдиргендей, 6-августта таңкы саат 05:10 чамасында Ысык-Көл ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн.


Бул билдирүү райондук милициянын электрондук маалымат реестрине катталып, окуя болгон жерге Бостеринин айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө тобу жөнөтүлгөн.


Облустук милициядан билдиришкендей, алгачкы сырткы экспертизанын жүрүшүндө жигиттин денесинен зордук-зомбулук менен өлүмдүн издери табылган эмес. Окуянын күбөлөрү менен сурамжылоо жүргүзгөндө маркум 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көл облусуна эс алганы келгени аныкталган.


Классташтарынын биринин айтымында, саат 23:30дар чамасында ал маркум жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жаткан. Эс алуу учурунда маркум белгисиз адамдар менен урушуп кеткен. Кийин аны  бардын аймагынан эс-учун жоготуп жаткан абалда табышкан. Жардамга чуркап келген эс алуучулардын бири өзүн медицина кызматкеримин деп тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган.


Милиция кызматкерлери жардамга келген жарандын өздүгүн аныкташкан. Ал Ош облусунун 23 жаштагы У.К аттуу тургуну экени аныкталган. 


Анын айтымында, ошол күнү таңкы саат 05:00 чамасында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сурап кыйкырган үндү уккан. Ошол жерге чуркап барып, жигитке дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Бул учурда тез жардам бригадасы келип, жардам көрсөтүүнү уланткан. Бирок жигитти эсине келтирүү аракетинин баары текке кеткен.


Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн