Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:44
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлгө конокко барган аялдын жансыз денеси табылды

08.04.2021 15:35
1713
Ысык-Көлгө конокко барган аялдын жансыз денеси табылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагында көлдүн жээгинен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы  Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар 2021-жылдын 6-апрелинде табышкан.


Окуя болгон жерге ыкчам издөө тобу барган. Сөөктү алгачкы текшерүүдө зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери байкалган эмес.


Кечээ, 7-апрелде сөөккө экспертиза жүргүзүлдү.


Соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала маалыматы боюнча, аял жүрөгү кармап, эс-учун жоготкон. Натыйжада, ал гипотермиядан улам көз жумган.


1977-жылы туулган аял Бишкек шаарынан эжесине конокко келгени аныкталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн