Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ысык-Көлгө өкмөт 30 кычкылтек концентраторун берди

20.07.2020 10:58
1055
Ысык-Көлгө өкмөт 30 кычкылтек концентраторун берди

Ысык-Көл облусуна өкмөттөн 30 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу 20-июлда облустук штабдан билдиришти. 


Маалым болгондой, кычкылтек концентраторлорунан тышкары, индивидуалдуу коргоочу кийимдер келди. 


"Кычкылтек концентраторунан тышкары  80 пульсоксиметр, 200 респиратор беткап жана 4 миң коргонуучу костюмдар келди. Алар райондорго бөлүштүрүлөт", - деп айтылат маалыматта. 


Маалыматка караганда, облуста учурда 539  кычкылтек концентратору бар. 


"Өкмөттөн бүгүн дагы 30 кычкылтек концентраторун алдык. Акыркы жумада аймактын медициналык мекемелерине 320 кычкылтек коннцентратору түшкөн, алардын 80ни өкмөттөн, 26сы жергиликтүү бюджеттен жана 214 аппарат ишкерлерден жана кайдыгер эмес жарандардан алынган", - деп айтылат маалыматта. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн