Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

“Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Новосибирск шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды

08.12.2020 17:37
1215
“Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Новосибирск шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды

“Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 2020-жылдын 8-декабрында "S7"  авиакомпаниясынын "Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.


Чартердик каттам жума сайын  шейшемби күндөрү  аткарылып турат.

Бул каттам менен 7 жаш балдарды кошкондо 169 жүргүнчү учуп келди.


Кыргызстандагы  кышкы туризмди өнүктүрүү максатында, жогоруда аталган каттамдын ачылышы үчүн "Манас" эл аралык аэропорту" ААК, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, КР ТжЖМ алдындагы Жарандык авиация агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрили менен биргеликте иш алып барды.


Чет  өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине чектөөлөрдүн алынгандыгына байланыштуу, мындай көрүлгөн чаралар туристтик сезонду жандандырууга түрткү болмокчу.


"МЭА" ААК КОВИД-19  пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөөдө жана ошондой, эле ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу  бардык чараларды көрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн