Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ысык-көлдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жыйыны өттү

28.09.2023 17:47
272
Ысык-көлдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жыйыны өттү


Бүгүн, 28-сентябрда Ысык-Көл облусунда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттерин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы өттү.

КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстан, Армения, Беларусия, Казакстан жана Россиянын бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Отурумдун катышуучулары менен саламдашууда КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин тапшырмаларын ишке ашырууда жана бажы мыйзамдарын колдонууда биримдикке жетүүдө негиздүү ролду ойнойт деп белгилеп кетти.

"Биз ар бир кабыл алынган чечим биздин интеграцияга негиздүү оң өзгөрүүлөрдү алып келүүсүнө умтулабыз. Мында, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттердин бардык бажы органдарынын ортосундагы координацияланган жумушу жана кызматташуусу негизги ролду ойнойт" - деп белгиледи ал.

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттерин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 43-отурумунун жүрүшүндө ЕЭК аянтында кароонун алдында талкууу жараткан маселелерди макулдашуу үчүн алардын ишинин форматын ишке тартуу мүмкүнчүлүгүн баалоо максатында тараптар БКБКга караштуу жумушчу топтордун ишмердигин талдоонун жыйынтыктарын угуп чыгышты. Ошондой эле бажы наркын бажы контролунун багыты боюнча БКБКнын чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу маселелери каралды, ЕАЭБдин бир нече мүчө мамлекеттердин аймактарында бажылык коштоону колдонуудагы көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө бажы операцияларын жүргүзүүчү жактарды категориялаштыруунун жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды дифференцияланган колдонуунун бирдиктүү тартиби, жалпы бажы процесстерин контролдоонун алкагында Армениянын МККнын, Беларусь Республикасынын МБКнын, Казакстандын Финансы министрлигине караштуу МККнын, КР МБКнын жана Россия ФБКнын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн техникалык шарттары бекитилди.

Ошондой эле ар кандай бөлүгүндө Белорус тарабы айрым документтерди электрондук форматка өткөрүү жана мындай документтерди электрондук навигациялык пломбага тиркөө жөнүндө маселени көтөрдү. Бул иш менен бажы операцияларын жөнөкөйлөтүү жана муну менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транзиттик потенциалы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болжолдонот. Тараптар кийин ЕЭКти маалымдоо менен тараптардын тилектештик позициясын иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө билдиришти.

БКБКнын 43-отурумунда кабыл алынган чечимдер ЕАЭБ алкагында интеграцияны мындан ары бекемдөөгө умтулууну баса белгилеп, экономикалык өнүгүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин бажы кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүшүн белгилей кетүү зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн