Бугу 01, 2025
Убакыт: 18:02
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Ысырапкорчулук боюнча Кемин менен Токмок эли кандай пикирде? (видео)

26.04.2021 13:05
1662
Ысырапкорчулук боюнча Кемин менен Токмок эли кандай пикирде? (видео)

Той-аштардагы ашыкча чыгымдарды кыскартып, ысырапкорчулукту жөнгө салуудагы элдин пикирине кызыккан Ютубдагы time - маалымат каналы кезектеги сурамжылоосун Токмок шаарында жана Кемин районунда улантты.

Жергиликтүү тургундардын айрымдары тойдогу чыгымдарды азайтып, мал союуну кыскартса боло турганын, бирок өлүм-житим болгондо куран окутуш үчүн мал сойбой коюуга болбой турганын айтышты. “Тойду кыскартса болот, бирок маркумду акыркы сапарга узатып жатканда кантип мал сойбой коё аласың? Андай болбойт”, - деп айтышты алар.

Кээ бир жашоочулар эгерде мыйзамдык ченем менен той өткөрүүгө тыюу салынса, колдой турганын билдирди. 

Кур намыстык, атаандашуу болуп атканда бул нерсени тыюуга мүмкүн эмес деген оюн айтышса, кээ бири ар ким колунан келгенине жараша өткөрө бериш керек деген пикирде. 


Сурамжылоого катышкан молдокенин айтымында, шариат боюнча караганда Мухаммед пайгамбар жашоонун эң оңой жана жеңил жолун көргөзгөн. Кур намыска алдырбастан, ар ким өзүнүн ахвалына кароосу шарт. 

Өлүк бар жерден түтүн чыкпаш керек, бул – арам. Сөөк коюлгандан кийин 3 күн өткөн соң мал сойсо болот. Ошондо дагы колуңда бар болсо, колунда жок болсо бирөөдөн сурап, карыздар болбош керек. Ал эми шаан-шөкөт боюнча айтсам, той өткөрүп үйлөнсөң да болот, той өткөрбөй үйлөнсөң да болот. Пайгамбарыбыздын бул боюнча өз үлгүлөрүн көрсөткөн да. Тойдун өзүнүн шарты бар, намыстануу менен ашыкча чыгым тартып, баш кошуп алып, кредиттин айынан ажырашып кеткендер да болуп жатат”, - деп айтты молдоке.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн