Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:42
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Ысырапкорчулукка жол бербөө. Бишкекте акимчиликтер кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту

17.10.2024 13:58
199
Ысырапкорчулукка жол бербөө. Бишкекте акимчиликтер кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту


Бишкекте акимчиликтер кафелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында жыйын өтүп, ага Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, райондун имам-хатиби, МАБ жетекчилери, ошондой эле район аймагында жайгашкан "Дияр", "Фаризат", "Мансур", "Версаль» кафелеринин жана башка ири кафелердин, чайканалардын, банкеттик залдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында ысырапкорчулуктун алдын алуу жана салтанаттуу үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, маркумдардын элесине арналган эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү президенттин "Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууга багытталган муниципалдык администрациянын иш-чараларын колдошту.

Жыйындын жыйынтыгында МАБ жетекчилерине үй-бүлөлүк эскерүү жөрөлгөлөрүн жана маркумдун жаркын элесине арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн