Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ысырык, уйдун зарасы, бий, - дүйнө элдеринин коронавируска каршы күрөштөгү "өзгөчө" аракеттери

16.03.2020 16:48
1775
Ысырык, уйдун зарасы, бий, - дүйнө элдеринин коронавируска каршы күрөштөгү "өзгөчө" аракеттери


Кытайдын Ухань шаарынан чыккан KOVID19 илдети учурда дүйнө элин дүрбөлөнгө салып, ар бир өлкө коронавирустан коргонуунун түркүн амалдарын көрүүдө. Анда заманбап дары-дармектен тартып, адамзат бир нече кылымдардан бери  колдонгон ар кандай ырым жырымдарга чейин бар.   Айрымдары жөндүү болсо, айрымдары социалдык тармактарда шакабага айланууда. 


Сиздерди мына ушул короновируска каршы күрөштө дүйнө элдери сунуштап жаткан бир нече ыкма менен тааныштырууну туура көрдүк.


Коронавируска каршы күрөштө Индиялыктар өзгөчө ыкма сунуштап  дүйнө элин таң калтырууда.  Индус кыймылынын лидери Махасабхи Свами Чакрапани Махарадж  Индияда ыйык саналган уйдун зарасын жана жампасын дары катары колдонууну сунуштаган. Анын оюу боюнча уйдун кыгы жана зарасы пандемия деп табылган оорууну алдын алууга жарайт.


“Уйдун зарасын жана заңын колдону коронавирус илдетин алдын алат. Ом Намах Шивайды туурап уйдун кыгын денесине сүрткөн адам, оорудан сакталат”, - деген Махасабхи.





Түркмөнстанда коронавирусту алдын алуу максатында өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов ысырыктоону сунуш кылды. 


“Биздин акылман бабаларыз салты бекем сактап келген. Орунтуу учурларда арча түтөтүп келишкен, жаңы турака көчкөндө, үйлөнгөндө, ошондой эле жыл жаңырган учурда жана жугуштуу оорулар чыккан учурда дагы”, - деген түркмөн президентти.




Бул коронавируска болгон күрөштөн футболчулар да четте калган эмес. “Манчестер Юнайтед” командасынын жарым коргоочусу, учурдагы дүйнө чемпиону Франциянын оюнчусу  Поль Погба коронавирустан сактануу үчүн бий кыймылдарын сунуштады. Ал “Дэб” кыйымылын ( Погба гол киргизген учурда майрамдаган кыймылы) жасоого чакырган. - “Жөтөлгөндө “Дэб”, чүчкүргөндө “дэб” жана  коронавирусту жеңүү үчүн “деб”, - деген билдирүүсүн Инстаграм баракчасында калтырган.  


Дэб – бийдеги кыймыл, бийчи бир эле учурда бир колун түз сунуп, экинчи колун чыканагынан бүгүп башын жерге салат. 


Бирок бул сунушу менен футболчу күйөрмандардын ачуусун келтирип, "кырсыктан хайп" жасоо аракетин көрүп жатат деген айыптоолорго кабылган.  Жада калса спортчунун интелектуалдык деңгээлине да ачуу сындар айтылган. 




Аягында  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус илдетин алдын алуу максатында көргөн аракети менен жыйынтыктасак.  Анда Муфтият KOVID19 илдетине каршы мал союп түлөө өткөрдү.


Муфтий Максат ажы Токтомушев өз сөзүндө ата-бабаларыбыз бөөдө кырсыктан,  ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып түлөө өткөргөнүн белгилеп, элибиздин амандыгын, биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын тилеп бата кылды.









Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн