Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Искендер Матраимов: Консолидацияланган бюджет деп элдин башын айлантпагылачы

04.11.2022 12:12
431
Искендер Матраимов: Консолидацияланган бюджет деп элдин башын айлантпагылачы

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Мекенчил" фракциясынын жыйыны өтүүдө. Ага Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, анын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Финансы министри Алмазбек Бакетаев катышууда.


Жыйында депутат Искендер Матраимов сөз сүйлөп, Министрлер кабинети консолидацияланган бюджет деген термин менен элдин башын айлантып жатканын билдирди.


"Мурда республикалык бюджетке Социалдык фонддун бюджети, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жана жергиликтүү бюджеттер киргизилген эмес. Анда накта республиканын чыгаша жана кирешесине карап алдыңкы жылдарга болжолдуу бюджет бекитилген.

Азыр Министрлер кабинети баш болуп президенттин анан элдин башын айлантып жатасыңар.

Мурда Соцфонд, ММКФ жана жергиликтүү бюджеттер өз алдынча караласа, азыр консолидацияланган бюджет деп туруп баарын бириктирип салдыңар. Анан биз бюджетти 200 миллиарддан 400 миллиард сомго көтөрдүк деп жатасыңар. Мынтип силер элдин башын айлантпагыла, элди алдабагыла",- деди депутат Матраимов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн