Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Искендер Матраимов өкмөттүн кадр саясатына нааразы экенин билдирди

28.04.2023 12:27
520
Искендер Матраимов  өкмөттүн кадр саясатына нааразы экенин билдирди


Кадрды кантип даярдап жатасыңар, бул боюнча президенттин администрациясында кайсы бөлүм иштейт? Мындай соболду депутат Искендер Матраимов "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Мекенчил" фракцияларынын биргелешкен жыйынында сурады.

Эл өкүлү кадр саясатына нааразы болуп, эки жылда төрт-бештен министр алмашып жатканынын себебин билүүгө кызыкты.

"Кадрлар билимдүү-илимдүү болсо президент баштаган реформалар алдыга жылат. Бүгүн Кыргызстанда кадр саясаты кандай тартипте жүрүп, ким көзөмөлдөп жатат, эмне үчүн кадр саясаты начарлап кетүүдө? Ротация акимге чейин жасалса жакшы болмок, андан ылдыйга түшүп кеттик. Кээ бир министрлердин орун басарлары бир-эки ай иштеп кетип калууда", — деди Матраимов.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кадр тандоодо илгеркидей эле регионалдык баланс, айымдар көп болсо экен деген саясатка таянып жатышканын айтты.

"Мен да, президент да министрге "бир орун басарыңды жумуштан ал же департаментке муну дайында" деп айтпайбыз. Мурда жамааттык түрдө жооп беришчү эле, азыр жеке жоопкерчилик киргизгенбиз. Өзүнүн иштөө принцибине жараша кадрларын дайындап жатышат. Кимдер жетишпесе аялдамада калып кетүүдө. Көбүн оңдогонго аракет кылып жатабыз, сөгүш жарыялап, дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берип, дароо эле балта менен чаап салып "сен кет" деген жерибиз жок. Жарым жыл, бир жыл карап жатабыз. Президентибиз да чыдамкай киши экен, такыр болбой калганда гана кетирип жатабыз. Ош облусунун башчысына да жарым жыл мурда текшерүүлөр жүрүп жаткан. Аягында далилденип чыккандан кийин алмаштырдык", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал социалдык тармактарга чыккан билдирүүлөрдү карап турушарын, аны президент дагы көзөмөлгө аларын белгиледи.

"Трайбализм, регионализм, коррупцияга аралаша турган болсо, социалдык тармакка чыгары менен дароо текшерип жатабыз. Билесиздер, Садыр Нургожоевич социалдык тармактардан көзөмөлгө алып турат. Депутаттардын айткандарын да дароо каттап турабыз, төрт орун басарым өзүнүн блокторун карап отурат. Жакшы кадр жок бүгүнкү күнү, кадимкидей издейбиз. Депутаттар ушуну айтты эле, жарайбы, тартып кете алабы дейбиз. Кадр келери менен УКМК менен ИИМге жиберебиз, кылмыш иши бар адамдар өтпөй калат. Анан бир топ депутаттар капа болууда", — деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн