Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Искендер Матраимов: “Мен Райымбек Матраимов үчүн эмес, өзүм үчүн жооп берем”

03.11.2023 18:55
703
Искендер Матраимов: “Мен Райымбек Матраимов үчүн эмес, өзүм үчүн жооп берем”


Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан качып кеткен болушу мүмкүн. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыкты.


Такталбаган маалыматтар боюнча, 2023-жылдын октябрынын аягында Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өлкөдөн Түркияга кетип, ал жактан Дубайга учуп кеткен. Ошондо дээрлик бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине эскертүү берилген.


Редакциянын укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, Матраимов мамлекеттик бюджетке бир нече жүз миллион сом төлөп берем деп убада берип, бирок өз милдеттерин аткара албай, көздөн кайым болуп кеткен.


Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын экс-орун басары чындап эле өлкөдөн чыгып кеттиби деген Kaktus.media сайтынын суроосуна жооп берген эмес.


«Сиздин суроолоруңузга жооп бербейм», - деген ал кеңсенин кабыл алуу бөлмөсүнөн чыгып, жардамчысы журналистти киргизбей койгон.


Кабарчы депутатка сөз эмне жөнүндө болорун билбейсиз да деп кайрылса, Матраимов: «Иним жөнүндө болсо керек, туурабы? Ал өзү үчүн жооп берет», - деди.


«Аны Кыргызстандан таппай жатышат, кыязы ал өлкөдөн чыгып кеткен», - деп билдирген журналист.


"Анда өзүңөр издегиле! Мен ал үчүн жооп бере албайм. Мен өзүм үчүн жооп берем", - деп жооп берди депутат.


Белгилей кетсек, бир күн мурун УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдө Камчы Көлбаевдин жана Райымбек Матраимовго окшогондордун мафиясы болбой турганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн