Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Искендер Шаршеев: Энергетикалык кризистен чыгуу үчүн Геотермалдык электростанциялар керек

01.04.2021 15:55
1410
Искендер Шаршеев: Энергетикалык кризистен чыгуу үчүн Геотермалдык электростанциялар керек


Кыргызстанда энергетикалык кризистен чыгуу үчүн Геотермалдык электростанцияларды куруу керек. Мындай сунушту экономика илимдери боюнча көз карандысыз эксперт Искендер Шаршеев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, энергетикалык каатчылыктан чыгуу үчүн түбөлүк токтобой иштей алган Геотермалдык электростанцияларды ысык суу булактардын үстүнөн салыш керек. Ошондой эле эл аралык грант менен күн нурунан энергия алган системаларды салып, кичи жана майда ГЭС курууда жер берүү ишин жеңилдетүү зарыл.


“Ошондо өлкөдөгү энергосистемага кошумча энергия алып, энергокризисти жапса болот. Бул тармакта ишти алып барууга тоскоол кылган көрүнүштөр өтө көп, аларды чечиш керек”, - деп билдирди Искендер Шаршеев.


Тема боюнча: Энергетикалык кризистен кантип чыгабыз?



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн