Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун жардамчы-референти Улукбек Мирзамухамедов камакка алынды. Анын үйү ноябрь айында тинтүүгө алынып, ошол эле учурда колуна кишен салынганын “Азаттыктын” өзбек кызматы өз булактарына таянуу менен маалымдады.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын атын атагысы келбеген кызматкери 52 жаштагы мурдагы жардамчыга кылмыш иши козголгонун да кабарлаган. Ал коңшу өлкөдөгү белгилүү ишкер Мурод Назаровдун базнес-өнөктөшү болгону да ачыкка чыкты.
Пикирлер (1)