Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы жолдун курулушуна 50 млн доллар бөлөт

15.05.2023 11:53
1027
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы жолдун курулушуна 50 млн доллар бөлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Сауд Аравияга болгон иш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман менен жолугушту.


Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн артыкчылыктуу болгон жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу маселелери талкууланды.


Тараптар КР менен ИӨБ ортосундагы орто мөөнөттүү мезгилге кызматташуу стратегиясын тез арада иштеп чыгып, кол коюу зарылдыгын өз ара баса белгилешти.


Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн Төртүнчү тегерек столдун жүрүшүндө (2022-жылдын 3-4-августу, Чолпон-Ата шаары) Ислам өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилген долбоорлорду кароо маселесин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен ИӨБдин ортосундагы Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо долбоору (IV фаза, 104,6 – 197,6 км) боюнча макулдашууга кол коюшту. Анын алкагында бул долбоорго 50,2 млн доллары бөлүнмөкчү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн