Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 16:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Ислам принциптерине өтүү, "Яндекс" салык төлөйт. Жаңы Салык кодексинде эмнелер камтылган?

25.12.2021 10:13
2110
Ислам принциптерине өтүү, "Яндекс" салык төлөйт. Жаңы Салык кодексинде эмнелер камтылган?
  1. Жогорку Кеңештин депутаттары 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган жаңы Салык кодексинин долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Коомчулукта кызуу талкууда болуп жаткан жаңы Салык кодексине ылайык, эмнелер өзгөрөрүн Экономика министрлиги түшүндүрүп берди.


Ведомстводон белгилешкендей, долбоордо ишкерлер үчүн да, мамлекет үчүн да салыктык башкаруунун туруктуулугуна жана сапатына оң таасирин тийгизүүчү олуттуу өзгөрүүлөр каралган:


Форс-мажордук жагдайларды (салык системасынын туруктуулугу, бизнести пландаштыруу жана инвестициялык долбоорлор) кошпогондо, Салык кодексине жылына бир жолудан ашык өзгөртүү киргизилбейт;

Салык салууда эки негизги ыкма болот: жалпы режим жана Бирдиктүү салык;

Экономика министрлигинин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү Салык кызматы үчүн милдеттүү болот;

Бирдиктүү салык режимин чакан гана эмес, акча жүгүртүүсү 30 млн сомго чейин болгон орто бизнес да колдоно алат (бир кварталдык отчет);

Кэшбэк. Чектерде көрсөтүлгөн сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын бир бөлүгүн кайтаруу боюнча долбоорду ишке киргизүү;

Салыктык контролдун дистанциялык системасын ишке киргизүү нормасы түзүлдү;

Карыздын негизги суммасын жана калган туумдарды төлөгөндөн кийин салык төлөөчүгө 50% айыптык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу;

Экспорттоочу ишканалар үчүн КНСти кайтаруунун жөнөкөйлөтүлгөн механизми;

Ислам каржылоо принциптерине ылайык иш алып баруу;

Кыргызстандын аймагында электрондук түрдө (GOOGLE, YANDEX, YANDEX TAXI) кызмат көрсөткөн компанияларга КНСти төлөө режими киргизилүүдө. Ошондой эле, электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк үчүн атайын салык режими киргизилет;

Тигүү, зергерчилик, авиация өнөр жайынын субъекттери үчүн салыктык жеңилдиктер каралган, электр автобустарын чыгаруу жана жеткирүү долбоорлору да КНСтен бошотулган;

Ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн сатуу салыгы 2%дан 1%га чейин төмөндөтүлгөн;

Милдеттүү патентке жана салыктык контракттарга негизделген салык режимдери жоюлду (адилет салык жүгү принциби).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн