Бугу 06, 2024
Убакыт: 16:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстандын туусу Атабек Азизбековго тапшырылды

08.08.2022 10:51
530
Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстандын туусу  Атабек Азизбековго тапшырылды


 

Бүгүн 7-август, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда Ислам шериктештиги оюндарына Кыргызстан курама командасын узатуу жана Республиканын туусун тапшыруу аземи болуп өттү.   Бул тууралуу дене тарбия департаменти кабарлады.



Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев жана Ислам шериктештиги оюндарына катыша турган спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

 

Канат Шабданбаев желекти курама команданын капитаны, грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азизбековго тапшырып, тууну бийик көтөрүп келүүгө чакырды.

 

"Буга чейин 11 спорттун түрү боюнча 70 спортчу гана барсаңар, бул жолу 16 спорттун түрү боюнча 100дөн ашык спортчу катышып жатат, демек медалдардын саны эки эсе болот деген ишеничтемин. Сиздерди кыргыз эли артыңардан колдоп, коштоп, кубаттап турат. Баарыңарга ак жол! Жаңы бара жаткандар болсо тушооңор кесилип, жаңы жылдыздар жанат деген ойдобуз. Ар дайым биргеликте спортту өнүктүрүп, кыргыздын туусун бийик желбирете берели!”,-деп билдирди Канат Шабданбаев. 

 

Белгилей кетсек, Ислам шериктештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. 9-август күнү мелдештин расмий ачылуу аземи өтөт. Жалпы Кыргызстандан 158 киши катышууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн