Бүгүн, 15-августта Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасында оор атлетика боюнча мелдеште 87 килограмм салмакта катышкан Канымжан Алмазбек кызы коло байгеге ээ болду.
Ал штанганы жулкуп көтөрүүдө 76 килограмм, түртүп көтөрүүдө 95 килограммды ийгиликтүү көтөрүп (жалпы 171 килограмм), коло байгеге ээ болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн