Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ислам шериктештиги оюндарында Алмаз Сманбеков күмүш медаль утту

11.08.2022 08:39
436
Ислам шериктештиги оюндарында Алмаз Сманбеков күмүш медаль утту

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министригинин басма сөз кызматы бидирет.


Маалыматка ылайык, спортчу 57 кг салмак даражада беттешти.


Алмаз Сманбеков финалдык беттеште Өзбекстандык балбан менен күч сынашып, жарым финалда алган жаракатынан улам беттешти уланта алган жок.


Спортчу 1/8 финалда Азербайжандык, чейрек финалда Сенегалдык жана жарым финалда Тажикистандык балбанды жеңген.


Белгилей кетсек, Ислам оюндарындагы ушул күндөрү Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат жана бу Кыргызстандын алгачкы медалы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн