Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ислам университетинин Оштогу колледжинин имараты обсервация катары пайдаланылат (фото)

14.07.2020 17:47
1717
Ислам университетинин Оштогу колледжинин имараты обсервация катары пайдаланылат (фото)

 

Бүгүн, 14-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы Кыргызстан Ислам университетине караштуу Ош колледжине барып, аталган окуу жайдын ректору Абдишүкүр Нарматов менен жолугушту.

 

Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда А.Нарматов шаар мэрине Кыргызстан Ислам университетинин Оштогу колледжинин имараты жана жатаканасы обсервация катары пайдаланууга бергенин билдирди.

 

Ош шаарынын мэри кыйын кырдаалда окуу жайды обсервация катары пайдаланууга тапшырып жаткан А.Нарматовго ыраазычылык билдирди. Бул жайда 50 орун даяр.

 

Ошондой эле окуу жайдын ректору шаардагы ооруканаларга 4 даана кычкылтек концентраторун жана 60 атайын коргонуучу медициналык кийимдерди тапшырды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн