Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Исландияда 19-июндан бери 4,5 миң жер силкинүүлөр катталды

24.06.2020 21:01
923
Исландияда 19-июндан бери 4,5 миң жер силкинүүлөр катталды


Сейсмологдордун баамында өлкө аймагында жанар тоонун атылышы күтүлүүдө деп билдирди Newsweek.

Исландияда жер титирөөлөр 19-июнда өлкөнүн түндүк чыгыш тарабындагы Синглуфьордур кыштагында башталган. Алардын үчөөсүнүн магнитудасы 5 баллдан жогору болду деп билдирди Исландиянын метеорологиялык бюросу.

Эң кубаттуу 5,8 баллдык силкинүү 21-июнда катталды. Силкиүүлөр Исландиянын бүткүл аймагында сезилди. Сейсмологдордун божомолунда жакын арада мындан да күчтүү жер титирөөлөр күтүлөт.


Мынчалык сандагы “уюктуу силкинүүлөр” өлкөнүн түштүгүндөгү Гримсвотн жанар тоосун ойготушу мүмкүн.


Акыркыи ирет бул жанар тоо 2011-жылдын май айында атылып, андан чыккан түтүн 20 миң км бийиктикке чейин асманга көтөрүлгөн. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн