Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду Бишкек жана Ошто 295 орунду стационар даярдады

05.07.2020 11:26
1491
"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду Бишкек жана Ошто 295 орунду стационар даярдады


"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду Бишкек, Ош шаарларында 295 орундуу стационар даярдап, 10 ИВЛ аппарат жана 500 кислороддук концентраторлорду сатып алды. Бул тууралуу Искендер Матраимов фейсбук баракчасына жарыялады.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда саат 14:00дө Бишкектеги “Rixon” мейманканасынын базасында 60 орундуу жана “Эльдорадо” соода борборунун аймагында 200 орундуу стационар ачылат. Мейманкананын аймагында дарыгерлер үчүн жатакана уюштурулат.


Мындан сырткары, Ош шаарындагы “Андрос-Ош” көп профилдүү оорукананын базасында 35 орундуу стационар ачылары, ооруканалар жетишпесе “EREM” спорткомплексин күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даяр экени айтылат.


“Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргызстанда эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүү акциясын улантууда. Бул убактылуу ооруканаларда Фонд коронавирус илдетинин кесепетинен келип чыккан пневмониянын оор түрү менен жабыркаган оорулууларды айыктыруу үчүн баардык шарттарды түзүп жатат. Ар бир ооруканада реанимация бөлүмү болот”, - деп билдирүү калтырган.

 

Ошондой эле Райымбек Матраимов 10 жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ), 500 кислороддук концентратор, 2 протативдуу рентген аппарат, 50 кандагы кислородду текшерүүчү оксиметр жана дарыгерлерге 200 коргонуучу костюм сатып алганын кошумчалаган.


Андан тышкары, дарыгерлердин айлыктары, оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин 3 маал тамагы Фонд тарабынан камсыздалары айтылат.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Динара
Саламатсыздарбы кайрымдуулук фондунан жардам сурайм 3 балам менен бишкекте жашайм жолдошум каза болгон тел ном 0707730436 рахмат
Динара
Саламатсыздарбы! Бишкекте жашайм кайрымдуклук фондуна кайрылсам болобу? 3 балам бар жолдошум каза болгонуна 12 жыл болду пособия эч кандай жардам жок уйум да жок тел ном +996707730436 сиздкрден жардам кутом
Динвра Ибраимова
Саламатсыздарбы!!! Бишкекте уч балам менен жашайм жолдошум каза болгон уйум жок карымдуулук фондго кайрылсам болобу ватсап номерим: +996707730436
Динара Ибраимова
Саламатсыздврбы! Мен кайрымдуулук фондго кантип кайрылсам болот Бишкнкте жашайм жардам керек
Калназаров Баяман
Бизге жардам керек болуп жатат Озумдун атам калназаров Джоробай эки бойрогунон жабыркап келет.. Аны Турция га операция кылууга муктажбыз акчалай жактан жардан берип койсонуздар