Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Исмаилова БУУнун өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту

11.06.2020 08:38
858
Исмаилова БУУнун өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

 

Мындан мурда өкмөт жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылга Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу үчүн өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгон.

 

Беш жылдык пландын негизги багыттары катары төмөнкүлөр саналат:

 

- 2022-жылга карата мектептик тамактанууну жакшыртуу жана бардык мектептерди ысык тамак менен камсыздоо (учурда мектептердин 60% жакыны программа менен камтылган). Программа мектеп ашканаларын жабдууга жана кызматкерлерди даярдоого көмөк көрсөтөт;

 

- калктын аяр катмары арасында азык-түлүк коопсуздугу боюнча абалды жакшыртуу;  

 

- азык-түлүк коопсуздугун талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча аналитикалык иш;

 

- климаттын өзгөрүүсүнө калыптануу жана жаратылыш кырсыктары тобокелдигин кыскартуу.

 

Азык-түлүк программасы жашыл климаттык фонддон каржылоо алган Кыргызстандагы алгачкы уюм болуп саналат.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ тарабынан калктын социалдык жактан аяр катмарына көрсөтүлүп жаткан колдоону белгилеп, өнөктөштөргө Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн