Кулжа 29, 2024
Убакыт: 07:57
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Исмаилова эл аралык уюмдар менен COVID-19 дартына жооп кайтарууну талкуулады (фото)

17.05.2020 11:13
1039
Исмаилова эл аралык уюмдар менен COVID-19 дартына жооп кайтарууну талкуулады (фото)


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргызстандагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

 

Жолугушууга ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Назира Артыкова, БУУ өнүктүрүү программасынын өкүлү Луиз Чемберлен, дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Андреа Баньоли жана БУУ калк фондунун өкүлү Азамат Баялинов катышты.

 

Жолугушуу учурунда тараптар саламаттык сактоо, социалдык колдоо көрсөтүү, билим берүү, санитария жана суу гигиенасы, азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы COVID-19 дартына жооп кайтаруу жана анын кесепеттерин калыбына келтирүү планын талкуулады. 

 

Ошондой эле жогоруда аталган агенттиктердин эпидемия кесепеттерин жеңип чыгуу максатындагы иш-чаралары талкууга алынды. 

 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар COVID-19 дартына жооп кайтаруу жана анын кесепеттерин калыбына келтирүү боюнча биргелешкен план алкагындагы бардык багыттар боюнча кызматташтыкты улантууну макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн