Испаниянын Андалусия аймагындагы токойдо ири өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалым болгондой, токой атайын өрттөлгөн деген божомол менен укук коргоо органдары иштеп жатат.
Ал эми токойго жакын жашаган миңдеген адамдар коопсуз аймактарга көчүрүлдү.
Токойдогу өрт 7 миң 400 гектар аймакты камтыган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн