Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Италия менен инвестициялык кызматташуу талкууланды

09.12.2021 12:50
895
Италия менен инвестициялык кызматташуу талкууланды


2021-жылдын 8-декабрында Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» министрлеринин жолугушуусуна катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуусу болуп өттү.


Тышкы иштер министрликтеринин башчылары тыгыз байланышты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстандын «ВСП+» макамын эске алуу менен Италия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул контекстте Бишкек шаарында өткөн кыргыз-италиялык бизнес-форумду канааттануу менен белгилеп, италиялык инвестицияларды Кыргызстанга тартууга кошумча түрткү берүүчү өлкөнүн экономикалык жана туристтик дарамети боюнча өлкөлүк презентациясын уюштурууну пландаштырышты.


 Тараптар министр Р.Казакбаевдин Рим шаарына болгон иш-сапарынын жыйынтыгында кыргыз-италиялык инвестициялык фондду түзүү жана Италиянын Бишкекте Элчилигин ачуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту жана 2022-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италияга иш-сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш- сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.


Жолугушууда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө бекем ниеттерин билдиришип, тараптардын кароосундагы макулдашуулар боюнча бардык жол-жоболорду тез арада аяктоо боюнча макулдашуу жетишилди.


Регионалдык коопсуздук контекстинде Афганистандагы кырдаал боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болуп, Афганистандын элине гуманитардык жана башка жардам көрсөтүүдө биргелешкен кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды бекемдөө жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн