Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Италияда COVID-19га карата вакцинанын баасы айтылды

16.06.2020 11:52
899
Италияда COVID-19га карата вакцинанын баасы айтылды


Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча вакцина алгачкы мезгилде акысыз эмделет жана аны тобокелдик топторуна кирген адамдар биринчилерден болуп алышат. Вакцинанын бир дозасынын өздүк наркы 2,5 еврону түзөт.


COVID-19 инфекциясына каршы вакцина түзүү боюнча альянска кошулган Италия, Франция, Германия жана Нидерланды өлкөлөрү 300 миллион доза чыгаруу үчүн AstraZeneca компаниясына €750 млн төлөп беришет деп билдирди Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө шилтеме жасаган Reuters агенттиги.


Ошентип, Оксфорддо иштелип чыккан AZD1222 деген аталыштагы жаңы вакцинанын бир дозасы €2,5 болот.

“Вакцина - COVID-19 көйгөйүн биротоло чечүүнүн жалгыз амалы”, - деп айтты Италиянын саламаттыкты сактоо министри Роберто Сперанца.


Ал эми AstraZeneca компаниясы 320 адамга AZD1222 вакцинасын сыноо жакшы натыйжаларды берди деп билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн