Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Италияда дүкөнгө баруу үчүн мырзалар жана айымдар күнү киргизилди

07.04.2020 18:08
870
Италияда дүкөнгө баруу үчүн мырзалар жана айымдар күнү киргизилди


Италиянын Бергамо аймагындагы  Каноника-д'Адда шаарынын мэри дүкөнгө чыгуу үчүн мырзалар жана айымдар күнүн киргизди. Бул тууралуу, россиялык РИА новости басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, мырзалар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү, айымдар шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү дүкөнгө бара алышат. Мындай кадамдар, көчөгө чогуу чыкканды алдын алуу максатында кабыл алынганы документте көрсөтүлгөнү айтылат.


Ал эми, шаардын жетекчиси Жанмария Череанын чечимин социалдык тармактын колдоонучулары сынга алган.


Эске салсак, Италияда 10-марттан тарта карантин киргизилген, анын тартибин бузгандарга 400 - 3 000 еврого чейин айып каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн