Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Италияда карантин эрежелери жеңилдеп 4,5 миллион киши жумуштарына кайтты

04.05.2020 13:52
902
Италияда карантин эрежелери жеңилдеп 4,5 миллион киши жумуштарына кайтты


Италияда коронавиирустан улам кирген чектөөлөр жеңилдеп 4,5 миллион адам жумуштарына кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Италиялыктарга үй-бүлөсү менен парктарга сейилдөөгө уруксат берилген. Ал эми шаарларында жүрүүгө жумуш же болбосо башка жүйөлүү себептер болушу керек.


Мектеп, бала бакча, дүкөн, ресторан, соода борборлор, спорт залдар, бассейн, чач-тарач жана сулуулук салондору жабык боюнча калат.


Спорт залдарга кесипкөй спортчуларды гана жекече машыгууга киргизилет. Командалык мелдештерге азырынча тыюу салынган.


Учурда Италия илдетти эң көп жуктурган өлкөлөрдүн бири. Ал жакта 211 миң адам илдетти жуктуруп, 29 минге жакыны каза болду. 4-майга карата аталган өлкөдө инфекциянын жаңы 1,4дөй учуру катталып, бул эң төмөнкү көрсөткүчтүн бири экени айтылат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн