Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Италияда спортчуларга 4-майдан баштап машыгууга уруксат берилди

27.04.2020 11:17
1010
Италияда спортчуларга 4-майдан баштап машыгууга уруксат берилди


Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте коронавирустан улам киргизилген карантиндин тартиптери акырындык менен алынып баштаганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, 4-майдан баштап жекече машыгууга, 18-майдан баштап командалык машыгууга уруксат берилери айтылды.


“4-майдан баштап жекече ачык аянттарда, парктарда 2 метр аралыкты сактоо менен машыгып баштай берсе болот. Спорттун жекече түрү менен алектенгендер спорттук мекемелерде машыга берсе болот, бирок аралыкты сактоолору керек.

Кесипкөй футболдук клубдар жана башка командалык спорттун түрлөрү 18-майдан баштап машыгууга киришет.

Ал эми футбол боюнча чемпиондуктун улаанусун жакынкы күндөрү спорт министри Винченцо Спадафоро менен талкуулайбыз. Биз баарыбыз футболдун фанаттарыбыз, бирок биз калктын саламаттыгын ойлошубуз керек”, - деген премьер-министри.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн