Италиянын премьер-министри Марио Драги кызматтан кетти. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, бул жолу президент Сержо Маттарелла анын арызын кабыл алды.
Драги күндүн экинчи жарымында парламенттин эки палатасынын өкүлдөрү менен жолугат. Парламент таратылып, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланат деп күтүлүүдө.
15-июлда президент премьер-министр кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл албай койгон. Драги иштен кетүү себебин башкаруучу коалициядагы партиялардын бири "Беш жылдыз кыймылынын" сенатта өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартканы менен байланыштырган.
14-июлда Италиянын парламентинин жогорку палатасы – сенатта Марио Драги баштаган өкмөткө ишенимин бышыктаган добуш берүү жүргөн. Ишеним көрсөтүү вотумуна 172 сенатор "макул" деп добуш берген, 39у каршы чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн