November 30, 2020
Убакыт: 10:42
USD
84.50
84.90
EUR
100.80
102.30
RUB
1.105
1.130

«Итбай-чотбай» талапкерлердин дагы канчасы «стартка» жетпей тазаланат?

20.11.2020 11:15
106
«Итбай-чотбай» талапкерлердин дагы канчасы «стартка» жетпей тазаланат?


19-ноябрда Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн он экисинин документтерин кайра өздөрүнө кайтаруу чечимин чыгарды. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Мотуевдин документтери алардын соттолгондугу жокко чыгарылбагандыгына байланыштуу аркага кайтарылды. Ал эми дагы 9 талапкердин документтери мамлекеттик тилди билгенин тастыктаган сертификаттары болбогонуна байланыштуу кайтарылганы маалым болду.


Мына ушул 9 талапкердин дээрлик бардыгы калың элге кеңири таанымал эмес талапкерлер болгонун баса белгилеп коюу керек. Эгерде алар бул шайлоодо көздөгөндөрү чындап жеңишке жетүү болгондо, анда адегенде эле тиешелүү документтерин толугу менен бүтүрүшмөк. Демек, алар жөн гана «атың чыкпаса жер өрттө» болуп эле БШКга документтерин тапшырып коюшкан. 


Ошентип 12 талапкер кемигенден кийин президент болот элем деген амбициясы барлардын саны 51 болуп турат. Бул сан дагы кичинекей Кыргызстан үчүн көптүк кылат. 2019-жылдагы статистикасына таянсак, калкынын саны 328 миллиондон ашкан АКШдагы президенттик шайлоого болгону эки гана талапкер аттанган – аракеттеги президент Дональд Трамп жана Джозеф Байден. Анан 6 миллиондон гана ашкан калкы бар Кыргызстан үчүн 51 талапкер кантип көптүк кылбасын?. 


Бир мамлекетти башкаруу, анын жоопкерчилигин алуу – бул өтө чоң милдет. Андай милдетти моюнга алуу үчүн талапкердин жеке амбициясы гана жетиштүү эмес. Мамлекеттик кызматтарда басып өткөн тепкичтик карьералары, билим көрөңгөсү, конкреттүү программасы жана электораты болушу керек. Тилекке каршы Кыргызстанда кошуналары менен тууган-туушкандарынан бөлөк адамдар тааныбагандар деле президенттикке талапкер боло калууну өнөкөткө айландырышты. Натыйжада элдин, мамлекеттин жүгүн аркалоо тамашага айланды. 


Азыркы тапта калган 51 талапкердин 90 пайызы Кыргызстанды кантип бүгүнкү туңгуюк абалдан алып чыгып кетүүнүн жолун билишпейт. Өлкө экономикасын, маданиятын, билим берүүсүн, саламаттыкты сактоо тармагын канткенде оңдоо керек деген суроого да какап-чакап калышат. Балким, сүйлөп көнгөндөрү жалпы сөзгө салып, «антип жиберем, минтип жиберем» деши мүмкүн. Бирок, маселе жалпы сөз менен чечилбейт эмеспи. 


Албетте, эми 3-декабрга чейин 1 миллион сомдук күрөөнү коюу, 30 миң адамдын колун чогултуу деген талаптар бар. Ошого чейин жөн эле оюн катары талапкерлигин коюп койгондор кайра кантип талапкерлигин алып салуунун түрдүү амалдарын ойлонуп турушат. Мисалы, көпчүлүгү «Мен баланча талапкердин пайдасы үчүн өз талапкерлигимди алып жатам» деп чыгат. Ушундай кадамга барсам, шайлоодон кийин мага кайсы бир кызматты сунуштап калабы деген үмүттө болушат. Муну соодалашуу деп коет. Шайлоого старт берилгенге чейин бери эле дегенде дагы 40тан ашуун талапкер кайсы бир олуттуу талапкердин пайдасы үчүн деп четке чыга беришет. Ошентип чыныгы таймашка ашып кетсе 7-8 талапкер аттанат. Калгандары өздөрүнүн «соодалашуучу талапкерлер» экенин дагы бир жолу ырасташат. 


Ал эми шайлоо болгон сайын эле талапкерлигин кое берген «түбөлүк талапкерлер» бар. Жеңишке жетпей турганын, электораты жоктугун деле эң сонун билишет. Бирок, талапкерлигин койгондон тажашпайт. Муну ашынган демократиянын тескери жемиши деп гана таанысак болот.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Комеди клаб болуп калды.Маскара болдук дуйного.