Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Иван Бунин, (1870-1953): Мелитон...

25.01.2024 13:47
3036
Иван Бунин, (1870-1953): Мелитон...


(Аңгеме)


Майдын нурлуу кеч күүгүмү эле. Мен биздин Заказ аймагында атчан бара жаткам. Атым байтерек менен жаңгак бадалынын жаш бутактарын аралай жүрүп отурду. Теребелдин баары жапжашыл, жаңырган мезгил эле. Булбулдар майин гана сайрашып, бири экинчиси менен үн алышып, чакырышып жатышты. Күн эбак уясына батса да, токой ичи тынчтанган жок. Бактектер жакын арадан үн катышса, күкүктүн сайраганы алыстан угулат. Майдын түндөрү уйку качып, көпкө жата албайсың. Бат эле таң куланөөк салып, айлана агарып, теребел жарый түшөт. 


Мен токойдун ачык аянтчасында жайгашкан күзөтканага бастырып бардым. Аянтчанын нары жагындагы коктуда суусу толо көлмө созулуп жатты. Көлмөнү курчаган кылымдарды карыткан ак кайыңдар менен эмен дарактарынын үстүндө туптунук толгон ай күңүрт гана көрүнөт. Көлмөнүн жанында Мелитон дүмүргө отуруп алып, жерге казылган очоктун ичине асылган казанчанын астына кургак чырпыктарды ыргытып от жагууда. Ар дайымкысындай эле анын жамаачыланган көйнөгү менен пайтавасы таптаза, чулгоолору иреттүү байланган. Ал чыканагын тизесине коюп, жүзүн алаканы менен жаап, отту карап аста гана ичке, аялдыкындай болгон үнү менен акырын бирдемени ырдап жатты.


 - Мелитон, сазандарды кармай алдыңбы? - дедим мен аттан түшүп жатып.


Ал өйдө болуп, николаевдик кызматчыларга мүнөздүү түзөлүү менен тулку бою чоюлуп, дароо көгүлтүр көздөрүндөгү арманын жашырууга инеттенип, камырабастан карай берди. Ал узун бойлуу, нооча жана каржайган арык жан эле. Көгүш көздөрү, коюу каштары, ошондой түстөгү мойлоосу, жаак ылдый коюлган сакалы ага каардуу түс берчү. Бирок анын таз кейпи, мына бул ыйыктык үчүн баарына даяр болууну тастыктаган көгүлтүр көздөрү жана карапайым дыйкандардын кийими жоош-момун жана элден безип календер сыяктуу жалгыз жашоосунан кабар берип тургансыйт.


Качан чайдостогу суу буркурап кайнап, картошка бышкан кезде, ал чамынды менен отту тартып өчүрүп, чайдосту алды. От аста өчө баштады. Жалындын учкундары жер тамга болор-болбос чачырап жатты. Эмендин күйгөн бариктери буркурай түштү. Качан карыя картошканы алып аарчый баштаганда тим эле шилекейди агыза жыттангандыктан, мен да экөөнү берүүнү өтүндүм. Ошентип биз кыймылсыз жана карарган көлмөнүн жанында жазгы таң зарынын алдынан күүгүмдө тыптынч гана унчукпай кечки тамакка кириштик. Намашам болуп, оң жактагы дарактардын артынан күн нуру назик жана ничке гана кызарып, таң агара баштагандай сезилет.


- Мелитон, сени катарга тизилген адамдардын алдында айдап чыгышканы чынбы? - мен куулугу жок жаштык ачык-айрымдык менен сурадым. 


- Ооба, андай нерсе болгон, - ал кыска жана так жооп узатты.


- А эмне үчүн?


- Албетте, жаман жоругум, келесоолугум үчүн да.

Ал жер тамга кирип кетти. Мен болсо өчүп бараткан күлдүн алдындагы кызарган чокторду тиктеп, көпкө жалгыз отурдум. Ал караңгылыктан шырп алдырбай аста гана чыга келип, кара буудайдын бир сындырым нанын, болот чалгыдан жасалган бычакты жана бир чымчым ирик тузду ала келди. Бою пакене, дайыма көңүлдүү жана өзүнүн маанайына карабастан кабаган ити Крутик куйругун мээримдүү шыйпаңдатып чуркап келди. Ал да очоктун жанына жайгашып, ыракаттана оозун чоң ачып эстеп алып, эрдин жаланып, нанга туз салып жаткан Мелитондун ар бир кыймылына саресеп салып отурду. Булбулдар болсо мурдагыдай эле өтө берилүү жана жигердүүлүк менен шаңкылдап сайрашууда.


- Сен таптакыр жалгыз эмессиңби? - мен суроо узаттым.


- Абдан эле. Илгери аялым бар болчу. Эстей деле албайсың!


- Бала-бакырачы?


- Балдарым деле бар эле. Өз учурунда Кудай Таала өзүнө тартып алды, - деп мелтиреп, карыялык жайбаракаттыгы менен нанын чайноосун улантты. 


Мен анын унчукпас арманынын сырын билүү үчүн бырыш баскан жаак беттерин жана кападар кабагын астейдил карап турдум. Ал жоош-момун кой көзү менен мага тигилгенде, терс бурулуп кеттим. Мен анда жыйырма жашта элем. Мени теребелдеги бардык көрүнүштөр элжиретип, өзүнө тарта берчү, токой, асман, күзөткана, кандайдыр бир чөптөрдүн боолору, үйдүн айванчасындагы гүлдөрдүн таажылары, куураган жалбырактар... Мелитондун бутунда жамаачы, үстүндө жыртык көйнөк... Ушундай таптаза, жарык жана карапайым турмуш кечирүү кандай сонун! Ал береги гүлдөрдүн таажыларын кимге чогултуп, ким үчүн токуду болду экен? Таажычаларга таңдануу менен карап дагы кепке тарттым:


- Календерсиң сен, Мелитон! 


Ал кайгылуу жана мээримдүү жылмайып койду:


- Календерликте да бактылуу ирмемдер болот, - деп Крутикке нандын сындырымын ыргытып жана чайдостон суу куюп, чокту өчүрүп жатып үн катты. 


Чок акырындап өчүп баратты. Теребел караңгылады. Ошол замат токойго айдын шооласы тийип, кооз жарык экенин, андан чытырман тарабы карарып бөлүнүп турганын аңдадык. Крутик нандын бурдасын жеп, курсагын кампайткан соң өзүнүн түнкү ишине киришти. Ал бирде мында, бирде күзөткананын жанында катуу үрүп, машакаттанып, бүт токойдун ичи заардуу жана тынчы жок иттерге толуп кеткендей таасир калтырды. Мелитон жер тамда чыракданды күйгүздү. Мага чөптүн үймөгүнө жай кылды. Ал эми эски тамынын эки кичинекей терезеси кош көз сымал жаркырап турду. Анан ал чыракданды айванчага алып кетти. Мен ал жакка кирсем, дагы күлүмсүрөп тосуп алды:


- Аны каалабасаңыз, мындагы койкама жатыңыз, - деп көз кыры менен өзүнүн керебетине ишаарат кылды. 


Кире бериште ак кайыңдын узун шактарынан саржандалып койкага окшош бирдеме жасалган экен. Ага да чөп салынып, баш жагына ат жабдыгы бекитилиптир.


Орусчадан оодарган Адылжан Жажанов 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн