Теке 20, 2025
Убакыт: 03:12:40
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.110
1.135

Ыйык Медина мечитинин имамы Кыргызстанга келди

Ыйык Медина мечитинин имамы Кыргызстанга келди


Бүгүн ыйык Медина мечитинин имамы Шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрди Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Имамды "Манас" аэропортунан азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров жана Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради тосуп алышты.

Салтанаттуу саамалыкка азирети муфтийдин орун басарлары жана башкармалыктын жетекчилик курамы катышты.

"Эки ыйык мечиттин имамы" аттуу атактуу наамга ээ имам шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрдин программасы төмөнкүчө. Программа:

24-октябрь

18:20 Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы атындагы (эски борбордук) мечитинде шам намазын окуйт.

19:50- 20:30 Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари мечитинде куптан намазын окуйт.

25-октябрь

12.00 – 14.00 Бишкек шаарынын башкы борбордук имам Сарахсий мечитинде жума намазын окуйт.

18:20- 19:00 Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттер» мечитинде шам намазын окуйт.

19:50 – 20:30 Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы «Сатук Буурахан» мечитинде куптан намазын окуйт.

26-октябрь

18:20- 19:00 Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы Аблиз ажы Салимов мечитинде Куптан намазын окуйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн