Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ыйлап, арабаларын бербейбиз деп. Ош базарындагы башаламан соода менен болгон күрөш (видео)

27.05.2021 15:25
1893
Ыйлап, арабаларын бербейбиз деп. Ош базарындагы башаламан соода менен болгон күрөш (видео)

Ленин райондук администрациясы "Ош базарынын" ичиндеги мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүү иштерин улантып жатат. Ленин районунун тийиштүү кызматкерлери базар ичинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин орундуктарын, чатырларын күн сайын алып, айып короого киргизишүүдө. Ал эми соодагерлер бул иш-чараларга каршы болуп, турган жерлерине орун алууга уруксат берилишин өтүнүп келишүүдө.


Учурда социалдык тармактарда бири столун, бири чатырын мекеменин кызматкерлерине алдырууну каалабай алар менен тартышып, кийимин айрып жиберүүгө чейин баргандардын видеосу тарап жатат.


Ал эми бул иш-чаралар боюнча Ленин районунун администрациясы төмөнкүлөрдү билдирди.


"Муниципалдык администрация "Ош базарынын" аймагындагы жана ага жакын жайгашкан көчөлөрдөгү мыйзамсыз сооданы жоюу иштерин улантууда. Мобилдик топ Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрүн жана базардын аймагын мыйзамсыз соода жүргүзүүдөн тазалашты. Жыл башынан бери рейддердин жүрүшүндө 450дөн ашык жеңил объектилер демонтаждалган. Бул багыттагы иштер улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн