Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 23:05
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Июль айынын соңунда дагы 1,2 млн доза вакцина келет

Июль айынын соңунда дагы 1,2 млн доза вакцина келет

Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан атайы борт менен коронавирус инфекциясына каршы Sinofarm вакцинасынын 1,25 млн дозасы жеткирилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.


Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, ал эми 150 миң доза кытай тараптан бекер берилген.


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кытай Эл Республикасына көрсөтүлгөн колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.


«Кыргыз Республикасынын президенти, министрлер кабинети Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге, Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцянга, ошондой эле Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнге Кыргызстанга вакциналарды алуу боюнча маселени ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүсү, ошондой эле вакциналарды гуманитардык жардам катары берүүсү үчүн ыраазычылык билдирет», - деди ал.


Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында Кытай вакцинасынын 1 млн 250 миң кошумча дозасы келип жаткандыгын белгиледи.


Министрлер Кабинетинин башчысы кыргызстандыктарды вакцинация боюнча кампанияга активдүү катышууга чакырды.


«Мен кыргызстандыктарды вакцина алууга, өз ден соолугун жана туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугун коргоого чакырам. Вакцинация - коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу. Жарандарды санитардык коопсуздук ченемдерин сактоого - маска кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз», - деди Улукбек Марипов.


Кыргыз Республикасындагы КЭР элчиси Ду Дэвэнь өлкөгө вакцинанын келиши, вакцинациялоонун темпин тездетүү республикадагы эпидемиологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын ден соолугун коргоого мүмкүндүк түзөт деп ишеним билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн