Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Кече көмүр кенин ишмердүүлүгү менен таанышып кайтты.
Төрөбаев ишкананын кийинки жылытуу мезгилине болгон даярдыгын текшерип, бардык техникалар иш алып жатканын белгиледи. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик мекемесинин Кара-Кече филиалынын башчысы Болот Мухаммед уулу жеринде 85 даана атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
"Бул жылы 1-июлдан тарта Бишкек ЖЭБге көмүр жеткирүүнү пландоодобуз", - деди Болот Мухаммед уулу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн