Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Июнь айында бензинге болгон баа 2-3 сомго кыммбатташы мүмкүн

01.06.2023 17:32
663
Июнь айында бензинге болгон баа 2-3 сомго кыммбатташы мүмкүн


Кыргызстанда июнь айында бензиндин баасы 2,5-3 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.


Ошол эле учурда нефтетрейдерлер-компаниялары баанын кескин өзгөрүп кетишине жол бербөө жана өсүү саясатын жөнгө салууну улантарын убадалады.


Баанын өсүшүнө Батыш өлкөлөрүнүн россиялык мунайдын баасына жогорку чек коюу боюнча киргизген санкцияларына байланыштуу күйүүчү май өндүрүүнүн көлөмү азайганы себеп экени белгиленди.


Мындан сырткары, жазында Россиядагы көпчүлүк мунай өндүрүүчү заводдор пландык оңдоо иштерин жүргүзөрү, бул мунайдын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келери айтылды.


"Тагыраак айтканда, Кыргызстанга күйүүчү май жөнөтүп турчу Орск, Пермь мунай өндүрүүчү заводдору апрель айында оңдоо иштерине жабылган. Ал эми июнь айында ири Омск заводунда оңдоо башталары пландалууда. Бул да мунай заттын баасын жогорулатууну шарттайт", — деп жазылат маалыматта.


Ассоциация бензиндин биржалык баасы Санкт-Петербургдун товардык биржасында майда тарыхта боло элек жогорку чекке жетип, бир тоннасы 61,7 миң сомду түзгөнүн жазды

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн