Экс-президент Роза Отунбаева Башкы прокуратурага маектешүүгө чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, Отунбаева июнь окуясы боюнча 2-майга маектешүүгө чакырылган.
Аталган окуя боюнча буга чейин президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берген.
Ошондой эле УКМКнын ошол кездеги төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков жана Бектур Асановго айып тагылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн