Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн 3 мүчөсүнө айып тагылды

20.05.2022 13:16
1347
Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн 3 мүчөсүнө айып тагылды

2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон улуттук аралык кагылышуу боюнча Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсүнө айып тагылды. Бул тууралуу Кенжебек Дүйшөбаев "Азаттык" радиосуна билдирген.


Маалым болгондой, Убактылуу өкмөттүн ошол кездеги мүчөсү Исмаил Исаков, Кенжебек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун ошол кездеги губернатору Бектур Асановго айып тагылды.


Кенжебек Дүйшөбаев бул аракетти кысым катары баалады. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айып тагылганын билдирген.

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн негизинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президент Садыр Жапаров дагы сурак берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн