Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 11:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Июнь окуясында ИИМдин подполковнигин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Июнь окуясында ИИМдин подполковнигин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендер кармалды


2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин подполковнигин өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Алар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун аймагындагы массалык баш аламандыкка активдүү катышып, Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө да катышкандыгы аныкталган. Бирок, ошол учурда тергөө учурунда алардын өздүгү такталган эмес.


Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар СИЗОго киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн