Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Июнда Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы жанданат

24.05.2022 10:30
417
Июнда Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы жанданат

Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча аба каттамы июндан тарта жанданат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча, КР Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин активдүү иш алып баруусунун негизинде тараптар ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу боюнча макулдашууга жетишти.


Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча деталдуу маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылмакчы.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн