Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Издөө салабыз! Сузакта дайынсыз жоголгон 31 жаштагы Барнохан изделүүдө

01.04.2021 10:53
887
Издөө салабыз! Сузакта дайынсыз жоголгон 31 жаштагы Барнохан изделүүдө

2021-жылдын 21-март күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну 1990-жылы туулган Махмутжан кызы Барнохан өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.


Учурда Махмутжан кызы Барнохандын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.


Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү узун халат, күрөң түстөгү кемзир, кара шым, бутунда галош болгон. 

Дайынсыз болуп жаткан Махмутжан кызы Барнохан тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. 


Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03748) 5 02 09, 0773 07 77 77, 0558 84 48 50.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн