УКМК тарабынан издөөдө жүргөн Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1990-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны С.А.А. кармалды.
Атайын кызматтан билдиргендей, кармалган жаран Казакстан Республикасынын Алматы облусунун аймагында тоноочулук фактысын жасагандыгы үчүн Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган С.А.А. 2022-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.
Азыркы учурда С.А.А. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №21- мекемесине киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн